Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланды


16-сентябрда Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода-экономикалык байланышты өнүктүрүү, кыргыз-тажик мамлекеттик чекараны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкуланды. Тараптар чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин келечектеги эки тараптуу мамилелерди чыңдоо максатында чечүү зарылчылыгын белгилешти.

Жыйында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков эки тараптуу маселелердин жыйындысын кароо боюнча кезектеги кыргыз-тажик өкмөт аралык жыйынын Бишкекте, ал эми кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк жыйынды Дүйшөмбү шаарында өткөрүүнү сунуштады.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Бирок жогоруда айтылган жыйындар өтчү убакыт тууралуу маалымат жок.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган, 450 чакырымы тактала элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG