Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Мюнхендеги сыра фестивалында коопсуздук чаралары күчөтүлдү


17-сентябрда жыл сайын белгиленчү “Октоберфест” сыра фестивалына келгендердин баштыктары кылдат текшерилип, рюкзак алып кирүүгө тыюу салынды. Бавария бийликтери муну кол салууларды алдын алуу менен түшүндүрүшүүдө.

Өткөн жылы миллиондон ашуун качкын Германиядан башпаанек сураган. Ал эми акыркы айларда исламчыл террорчулар бир катар жардырууларды уюштурушкан. Алардын айрымдарына качкындар катышканы аныкталган. Бавариянын бийлиги канцлер Ангела Меркелдин миграция саясатына бир нече жолу каршылыгын билдирип, качкындарды кабыл алууга чек коюуну талап кылышкан.

“Октоберфест” фестивалы 3-октябрга чейин уланат. Фестивалга жыл сайын алты миллионго жакын киши катышат. Аталган фестивал Гиннестин рекорддор китебине дүйнөдөгү эң чоң майрам катары кирген.

XS
SM
MD
LG