Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:10

Базарда уктаган баланын тек жайы аныкталууда


Социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан сүрөт

Социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан сүрөт

Президент Алмазбек Атамбаев интернетте сүрөтү кызуу талкууланып жаткан баланы таап, абалын иликтөөнү тапшырды. Ал эми президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов мамлекет башчысынын тапшырмасын вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиевага жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашевге жолдоду. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Кабарларга караганда, Кара-Суудагы базарда соода контейнеринин жанында уктап жаткан баланы таап, аны камкордукка алуу, ошондой эле жалпы базарлардагы балдардын абалы боюнча иликтөө жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Социалдык тармактарда базарда картон кагазда уктап жаткан 2-3 жаштагы баланын сүрөтү кызуу талкууланууда. Айрым маалыматтар боюнча, сүрөт Кара-Суу базарында тартылган. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG