Линктер

Нью-Йорктогу жарылуудан кыргызстандыктар жабыркаган жок


Жарылуудан кийин полиция жолду жапкан.

Жарылуудан кийин полиция жолду жапкан.

Мындай билдирүүнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги таратты. Анда айтылгандай, 17-сентябрь күнү кечинде Нью-Йорктун Манхэттен районуна коңшулаш Челси аймагында болгон жарылуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул маалымат ТИМге Кыргызстандын АКШдагы элчилиги берген.

Жардыруу 17-сентябрь күнү кечки саат сегиз жарымдарда болгон. Нью-Йорктун полиция департаментинин маалыматына караганда, жаракат алгандардын акыбалы азыр дурус, бир адам гана оор абалда реанимацияда жатат.

Учурда полиция жарылуу атайын уюштурулган деген версияны иликтешүүдө. Шаар башчысы Де Бласио бул окуянын террорчулукка байланышы жоктугун, бирок ал кокустук эмес, атайын уюштурулган жарылуу экенин билдирди. (ZKo)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG