Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:18

Орусиядагы шайлоо: Кыргызстандагы орус жарандары Бишкекте жана Ошто добуш берүүдө


Бүгүн Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоо өтүп жатат.
Бүгүн Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоо өтүп жатат.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинде жана Ош шаарындагы консулдугунда добуш берүү участоктору бүгүн жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 8де ачылган. Бул тууралуу Бишкектеги элчиликтин нөөмөтчү коменданты “Азаттыкка” билдирди:

- Элчиликтеги шайлоо участогу эртең мененки саат 8ден кечки саат 8ге чейин иштейт. Бардык Орусия жарандары келип добуш бере алышат. Азыр добуш берүү элчиликте жана Ош шаарындагы консулдукта жүрүп жатат.

Бүгүн Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоо өтүп жатат. 450 депутаттык орун үчүн 14 саясий партия ат салышууда. Мурдагы шайлоолордон айырмаланып, бул жолу депутаттардын жарымы партиялык тизме менен шайланса, калган 225 орунга талапкерлер бир мандаттуу округдардан шайланат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG