Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Ажылык сапарга кеткендердин алгачкы тобу кайтып келди


Кыргызстандык зыяратчылар
Кыргызстандык зыяратчылар

Ажылык сапарга кеткен 300 кыргызстандык жекшемби күнү кайтып келишти. Ал эми зыяратчылардын акыркы тобу 30-сентябрда кайтат. Мусулмандар дин башкармалыгы маалымдагандай, 18-19-сентябрда 600 ажыны салган учак Бишкекке келет. Ал эми 20-сентябрдан 30-сентябрга чейин ажылар Ош шаарына карай учушат.

Муфтият Мекеге зыяратка барган кыргызстандыктардын баары ажылык парзын аткарышканын маалымдоодо.

Кыргызстандан быйыл ажылыкка 3685 киши кеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG