Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

"Дордой" футболдук клубу Кыргызстандын кубогун сегизинчи жолу утту


"Дордой" футболдук клубунун оюнчулары.
"Дордой" футболдук клубунун оюнчулары.

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо футбол боюнча 2016-жылдагы Кыргызстандын кубогунун финалдык беттеши өттү. Башкы олжо үчүн Бишкектин "Дордой" жана Оштун "Алай" командалары беттешип бишкектиктер бул оюнда 1:0 эсебинде жеңишке жетти. Оюндагы жалгыз голду 59-мүнөттө Девид Тетте киргизди.

Аталган командалар буга чейин 2013-жылы Ош шаарында финалда беттешип, оюндун негизги бөлүгүндө 1:1 эсебинде тең ойноп, пенальти тебүүдө 4:2 эсебинде "Алай" оюнчулары жеңишке жетишкен.

Кыргызстандын кубогуна арналган оюндар 1992-жылдан бери жыл сайын Топ лига жана Биринчи лигада ойногон клубдар арасында өткөрүлүп келет. Ушуну менен "Дордой" өз тарыхында бул кубокту сегизинчи жолу уткан азырынча жалгыз клуб болууда. Бул кубокту жети жолу СКА-ПВО клубу алган эле. "Алайдын" оюнчулары бул байгеге бир жолу ээ болушкан. (ECh.)

XS
SM
MD
LG