Линктер

Киевде жана Одессада Орусиядагы шайлоого каршы нааразылык акциялары өтүүдө


 Нааразылыкка чыккандар Орусиянын туусун өрттөп жатышат.

Нааразылыкка чыккандар Орусиянын туусун өрттөп жатышат.

Украинанын Киев жана Одесса шаарларындагы Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдында Мамлекеттик Думага өтүп жаткан шайлоого каршы ондогон адамдар нааразычылык акциясына чыгышты. Киевдеги элчиликтин алдында белгисиз аял Орусиянын туусун өрттөп салды. Одессадагы Орусиянын консулдугунун алдына чыккан “Оңчул сектордун” төрт мүчөсү камакка алынды, Киевде оңчул “Свобода” партиясынын да мүчөлөрү кармалды. Полиция аларга “бейбаштык” деген кине коюп, протокол түзгөндөн кийин кое берди. Дал ушул “Свобода” кыймылынын жаштар канаты болгон “С14түн" активисттери 17-сентябрга караган түнү Киевдеги Орусиянын элчилигине жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алышты. Оңчулдар Москванын Украинанынан каршылыгына карабай дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө шайлоо бекеттерин ачканына нааразылыгын билдиришип, имаратты көздөй таш, петарда жана башка заттарды ыргытышкан.

Украинадагы Орусиянын дипломатиялык өкүлүчүктөрү шайлоого байланыштуу катуу кайтарууга алынган. Харьковдогу консулдукту 500дөй полициячы кайтарууга алса, Львовдогу консулдук Улуттук Гвардиянын аскерлеринин кайтаруусунда болду. Жергиликтүү журналисттердин билдиришинче, Львовдо бардыгы тынч өтүүдө.

Орусиянын Мамлекеттик Думасына 450 депутаттык орун үчүн 14 саясий партия ат салышууда. Мурдагы шайлоолордон айырмаланып, бул жолу депутаттардын жарымы партиялык тизме менен шайланса, калган 225 орунга талапкерлер бир мандаттуу округдардан ат салышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG