Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Обама Ирактын премьер-министри менен жолугат


АКШнын президенти Барак Обама жана Ирактын премьер-министри Хайдер Аль-Абади
АКШнын президенти Барак Обама жана Ирактын премьер-министри Хайдер Аль-Абади

18-сентябрда Ак үйдөн маалым болгондой, АКШнын президенти Барак Обама Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын алкагында Ирактын премьер-министри Хайдар Аль-Абади менен жолугат. 19-сентябрда боло турган жолугушуу Ирактагы Мосул шаары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлеринен тазаланып жаткан маалга тушташ өтөт.

“Эки мамлекеттин лидерлеринде “Ислам мамлекети” террорчул тобуна каршы жүргүзүлүп жаткан өнөктүк жана Мосулду согушкерлерден кайтарып алуу тууралуу сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болот" деди АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Бен Родс.

Ушул айдын башында жергиликтүү күчтөр өлкөдөгү экинчи ири шаарды бошотуп алуу операциясын баштаганда Кошмо Штаттар Иракка дагы 400дөй аскерин жөнөткөн,

Жихадчылар шаарды 2014-жылы басып алышкан жана учурда Мосул алардын акыркы ири таяныч уюгу деп эсептелет.

Ал тапта Ирактын өзүндө таасирдүү динятчылардын бири Муктада ас-Садр өкмөттүн реформасын талап кылып, миңдеген адамдарды акцияга чыгууга үндөп келет.

Ак үйдүн маалымдашынча, Обама ошондой Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясынын алкагында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ли Кэцян менен жолугат.

XS
SM
MD
LG