Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Мамдумага шайлоо: “Бирдиктүү Орусия” алдыда


Орусияда шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү үйлөрдү кыдырууда.
Орусияда шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү үйлөрдү кыдырууда.

Орусия БШКсы 18-сентябрдын түнүндө берген алдын-ала маалыматтар боюнча, добуш берүү кагаздарынын 15% эсептелди. Ага ылайык, бийликтин “Бирдиктүү Орусия” партиясы 50% ашыгыраак добушка ээ болгон. Экинчи жана үчүнчү орунда азыраак айырмачылыктар менен ЛДПР жана Коммунисттер партиясы келатат. “Акыйкат Орусия” төртүнчү орунда.

Боршайкомдун төрайымы Элла Памфилова Мамлекеттик Думага шайлоо легитимдүү өттү деп Биринчи каналга курган маегинде билдирди. Бул тууралуу ТАСС кабарлады. БШКнын маалыматы боюнча, добуштарды эсептөө уланып жатат.

Бул аралыкта орус президенти Владимир Путин шайлоонун жыйынтыгына канааттануусун билдирди. Ал добуш берүү аяктаган соң, “Бирдиктүү Орусия” партиясынын штаб-квартирасында сүйлөгөн сөзүндө партия парламенттеги көпчүлүк позициясын сактап калды деп айтты:

-Биз билебиз, жашоо оор. Көйгөйлөр жана чечилбеген маселелер да толтура. Ошентсе дагы, жыйынтык жакшы. Экзит полл боюнча деле түшүнүктүү. Азыраак айырма болушу мүмкүн, бирок “Бирдиктүү Орусия” жеңип чыкты. Канчалык кыйын болсо да, эл биз үчүн добуш берди.

Путин бул жеңишти элдин партияга ишеними деп кошумчалады.

Шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу "Яблоко", ПАРНАС, КПРФ партияларынын өкүлдөрү, шайлоочулардын укугун коргоочу “Добуш” кыймылынын байкоочулары маалымдашты. Орусия ИИМ Ростов облусунда бюллетендерди массалык түрдө үкөккө таштоо фактысы катталганын маалымдады. Шайлоо күнү интернетте добуш берүү участогунда бир аялдын үкөккө бюллетендерди тобу менен таштап жатканы тууралуу тасма жарыяланган.

XS
SM
MD
LG