Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

Германияда бийликтин партиясы алдан таюуда


Шайлоочулар.
Шайлоочулар.

Берлиндеги жергиликтүү парламентке шайлоодо канцлер Ангела Меркелдин “Христиан-демократиялык биримдик” партиясы аз добушка ээ болду. Бул акыркы айдагы партиянын эсебиндеги экинчи ийгиликсиз шайлоо. Шайлоо жыйынтыгы христиан-демократтар биримдиги парламенттеги ордунун бир бөлүгүн алдырарын ырастады. Ал эми мигранттарга каршы чыккан “Германия үчүн альтернатива” партиясы көп добушка ээ болгону айтылды.

ARD телеканалы жүргүзгөн сурамжылоолордо аталган партия жергиликтүү парламенттен орун алып, Германиянын онунчу аймактык мыйзам чыгаруу бийлигине кирет.

Меркелдин партиясы эки жума мурда Мекленбург аймагында да жеңилүүгө дуушар болгон. Эксперттердин айтуусунда, буга немис бийлигинин өткөн жылкы саясаты, тагыраагы, мигранттар үчүн чек араны ачуу демилгеси чоң негиз берди. Анын натыйжасы Ангела Меркелдин өлкө канцлеринин ордуна төртүнчү жолу шайлануусун бүдөмүк кылып турат.

XS
SM
MD
LG