Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Белградда гей-парад өттү


Парад учурунда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, мурдагыдай кагылышууга жол бербөө үчүн полициянын күчөтүлгөн отряддары, атайын кызматтардын агенттери иштеди. 18-сентябрда Сербиянын борборуна жүздөгөн кишилер чыгышты. Алардын үстүнөн тик учактар айланып, аймакты полиция кайтарып турду. Транспорт кыймылы парад башталганга чейин бир нече саат мурда эле токтотулду.

Парад тынч өттү. Активисттердин бири Бобан Стоянович бул жылы мурдагы жылдарга караганда кырдаал тынч болгонун белгиледи.

2010-жылы оңчулдар менен кагылышууда жүздөн ашуун полиция жана экстремисттер жаракат алып, шаар жабыркаган эле. Евробиримдикке кирүүгө аракеттенип жаткан Сербия акыркы убактарда ЛГБТ коомчулугунун укугун көбүрөөк коргоого киришти. Өткөн айда таанымал гомосексуалист министр болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG