Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:36

Азимжан Аскаровдун иши 4-октябрда каралат


Жогорку Сот Аскаровдун ишин 12-июлда жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, ишти кайра кароо үчүн Чүй облустук сотуна жөнөткөн.

Жогорку Сот Аскаровдун ишин 12-июлда жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, ишти кайра кароо үчүн Чүй облустук сотуна жөнөткөн.

Чүй облустук соту укук коргоочу Азимжан Аскаровго байланышкан ишти 4-октябрдан тарта карай баштайт. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, жараян Жазаларды аткаруу кызматынын күзөт жана кайтаруу департаментинде өтөт.

Азимжан Аскаров 2010-жылдын июнь окуясына айыптуу деп табылып, 2011-жылы Жогорку Соттун өкүмү менен өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилген. Быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып, Аскаровду бошотууну талап кылган.

Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароого Чүй облустук сотуна жөнөткөн эле. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG