Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Спортчу Иззат Артыков үйлүү болду


Иззат Артыков ортодо
Иззат Артыков ортодо

Оор атлетчи Иззат Артыковго бүгүн “Аю-холдинг” компаниясы эки бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды. Бул тууралуу аталган компаниянын вице-президенти Балбак Түлөбаев "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Иззат Артыков биз үчүн чемпион. Ал спорттогу ыплас саясаттын курмандыгы болуп калды. Жакында эле кыздуу болгон экен. Компаниянын жетекчилиги кеңешип, Көк-Жар конушундагы тогуз кабаттуу “Сары-Челек” комплексинен эки бөлмөлүү батирдин сертификат тапшырдык. Баасы беш миллион сомдун тегерегинде. Аталган көп кабаттуу үйдөн Айсулуу Тыныбекова өңдүү Азиянын, дүйнөлүк оюндарда байге уткан чыгаан спортчуларга да батирлер белекке берилген.

Быйыл жайында Бразилияда өткөн жайкы Олимп оюндарында Кыргызстандан барган 19 спортчунун ичинен оор атлетчи Иззат Артыков гана коло медал тагынган болчу. Бирок Эл аралык спорттук арбитраж анын канынан тыюу салынган стрихнин заты табылды деген жүйө менен байгени кайтарып алган. Иззат Артыков допинг колдонгон деген айыпты четке кагып келет. (ECh/NT)

XS
SM
MD
LG