Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Текебаев: Атамбаев Батыровдун сунушу менен кадр маселелерин чечкен


Өмүрбек Текебаев.

Өмүрбек Текебаев.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Кадыржан Батыров менен өзү бир да жолу жолукпаганын билдирди. Ошол эле маалда азыркы президент Алмазбек Атамбаев Кадыржан Батыров менен кездешип, анын сунушу менен Жалал-Абад облусундагы бир катар кадр маселелерин чечип келгенин кошумчалады:

- Бул айтпай турган нерсе эле. Атамбаев өзү айттырып атат. Бир катар адамдарды Батыровдун сунушу менен кызматка койгонун Бектур Асанов да билет.

Өмүрбек Текебаев 15-сентябрда маалымат жыйын куруп, президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерди басып алып, үй курду деп айыптап чыккан.

2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирген бул жер тилкесин былтыр Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов алгач өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттатканын жарыялаган.

Мындан кийин президент Алмазбек Атамбаев июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качуусу иликтениши керектигин айтып, Башкы прокуратурага бул ишке Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн катыштыгы бар-жогун аныктап чыгуу үчүн мекемелер аралык топ түзүүнү тапшырган. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG