Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Баткен: Көк-Ташта абал турукташты


Көк-Таш айылы
Көк-Таш айылы

Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн “Азаттык” радиосуна билдиришти. Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Баткен районунун Көк-Таш айылынын четиндеги Ак-Суу дарыясынан өткөн Ош-Исфана жолундагы көпүрөнүн астынан 17-сентябрда Тажикстандын жарандары кум-шагыл казып ала баштаган. Алардын техникаларын чек арачылар аймактан чыгарган. 19-сентябрда Тажикстандын Чорку айылынын кырктай тургундары чогулуп келип, ортодо тиреш чыккан. Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова чатак учурунда коңшу өлкө жарандары банерлер менен айылдын аты жазылган жазууларды айрып салышканын маалымдады. Анын айтуусунда, жаңжалды тажик тарап баштаган.

Натыйжада укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жеринде эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Анын жыйынтыгы боюнча дагы талкуу өтөөрү кабарланды. (JsA)

XS
SM
MD
LG