Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

БУУда качкындар боюнча саммит өтөт


Европага жер которуп келген качкындар
Европага жер которуп келген качкындар

Улуттар Уюмунда бүгүн качкындар жана мигранттар маселеси боюнча саммит башталууда. Дүйнө лидерлери Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң ири жер которууга байланыштуу 193 мүчө мамлекеттин аракеттерин координациялоого багытталган декларацияны кабыл алышат деп күтүлүүдө.

Документте качкындар менен мигранттардын укуктарын коргоо тууралуу сөз болмокчу. Бирок укук коргоочулар юридикалык жактан аткарууга милдеттүү эмес декларация бозгундардын муктаждыктарына жооп бербейт деп күн мурунтан сын-пикирлерин айтышты. Ал эми АКШ президенти Барак Обама 20-сентябрда өткөрүүгө камданып жаткан жыйында 40 чакты өлкөнүн өкүлдөрү качкындарды кабыл алуу же аларга билим берүү, ишке орноштуруу өңдүү конкреттүү жардам тууралуу сөз кылышмакчы.

Ушу тапта дүйнө жүзүндө 65,3 миллион киши Сириядагы согуш өңдүү куралдуу жаңжалдар, жакырычылык же куугунтуктоодон өз жерлерин таштап кетүүгө мажбур болгон. Алардын 21 миллиондою качкындар. Дүйнөдөгү качкындардын жарымынан көбүнө сегиз мамлекет – Түркия, Пакистан, Ливан, Иран, Эфиопия, Иордания, Кения жана Уганда башкалка берип келатат.

XS
SM
MD
LG