Линктер

Текебаев: Батукаев Атамбаевдин көрсөтмөсү менен абактан чыккан


Кримтөбөл Азиз Батукаев Нарын түрмөсүндө.

Кримтөбөл Азиз Батукаев Нарын түрмөсүндө.

Бул тууралуу парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев 19-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, криминалдык төбөл, "мыйзамдагы ууру" деген Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан чыгып кеткенден кийин муну иликтөө боюнча "Ата Мекен" фракциясынын демилгеси менен парламенттик комиссия түзүлгөн. Анын төрагалыгына ошол учурдагы депутат Болот Шер дайындалган.

Текебаев комиссия бир жума ичинде абактан качууну ким уюштурганын аныктап, Батукаев түздөн-түз президент Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү менен түрмөдөн бошотулганы белгилүү болгонун кошумчалады.

Бирок ал кездеги президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев келип, Атамбаевдин иликтөөнү токтотуу тууралуу салам-дубайын жеткиргенин, болбосо мародерчулук боюнча үчүнчү иши ачыларын эскерткенин белгиледи.

- Мен колунан келгенин кылып алсын деп жооп кайтардым. Мародерлордун баары президентти тегеректеп жүрөт, - деди Текебаев.

Президенттик аппарат Өмүрбек Текебаевдин айткандары боюнча үн ката элек.

2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту он алты жылга кесилген Азиз Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен.

Батукаев түрмөдөн эрте бошонуп кеткенден кийин ага коюлган диагноз туура эмес экенин депутаттык комиссия иликтеп чыккан. 2014-жылы Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Нарын шаардык соту мурдагы чечимин жокко чыгарган. (NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG