Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Кытай элчилиги 10-октябрдан тарта виза бере баштайт


Бишкектеги Кытай элчилиги.
Бишкектеги Кытай элчилиги.

Кытайдын Бишкектеги элчилиги виза берүүнү 10-октябрдан тарта калыбына келтирүүнү убада кылды. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Азамат Үсөнов бүгүн парламенттеги комитет жыйынында билдирди. Анын айтымында, виза боюнча кытай тарапка төрт жолу нота жиберилген. Бирок элчилик өткөн айдагы жардыруудан кийин жабдыктар жарактан чыкканына байланыштуу иш токтоп турганын кабарлаган.

30-августта Кытай элчилигинин имаратына жанкечти унаасы менен кирип барып өзүн жардырып жиберген. Андан үч кызматкер жабыркап, имаратка зыян келтирилген. Элчилик виза берүүнү убактылуу токтоткон болчу. Мунун айынан Кытайда билим алган үч жүзгө жакын студент окуулары үзгүлтүккө учурап жатканын айтышып, нааразылык билдирип жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG