Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Баткен: окуучу курдашын атып алды


14-сентябрда Кыштут айылындагы мектептин окуучусу өз курдашын атып алды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан «Азаттык» радиосуна билдиришкендей, эки окуучу окууга барбай, мал караганы жайытка чыгып кетишкен. 15 жаштагы бала ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен жанындагы шеригин байкабай атып алган. Ал жаракат алып, учурда Бишкек шаарында дарыланууда.

Окуяга байланыштуу мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, мылтык боюнча экспертиза дайындалды. Аталган айылдан укук коргоо органдары мыйзамсыз сакталган үч курал-жарак тапты. (JsA)

XS
SM
MD
LG