Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:29

Картондо уктаган баланын үй-бүлөсү үй менен камсыз кылынат


Үч жаштагы Ыскак Үсөновдун үй-бүлөсүн турак-жай менен камсыз кылууну президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө тапшырды. Мамлекет башчынын тапшырмасын президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиевага жана Ош облусундагы өкмөт өкүлү Таалайбек Сарыбашевге жолдоду.

Мамлекет башчысы өзүнүн тапшырмасында кыргыз өкмөтү өлкөдө эне менен баланы коргоо маселелерине байланышкан кырдаалды кайрадан тереӊ талдап чыгуусу зарылдыгы айтылган.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Картон кагазда уктап жаткан 2-3 баланын сүрөтү интернетте кызуу талкууга алынгандан кийин, президент баланы таап, чоо-жайын аныктоону тапшырган. Кийинчерээк ал бала үч жаштагы Ыскак Үсөнов экени, энеси ага кошуп дагы үч баласын жалгыз багаары, балдардын да, энесинин да документтери жоктугу аныкталган. Жергиликтүү бийлик балдарга документ берилип, бала бакчага жайгаштырыларын, ал эми энеси жумуш менен камсыз болорун маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG