Линктер

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Орусиядагы шайлоого байкоо салган миссиясынын жетекчиси укуктук чектөөлөр, маалымат каражаттарын көзөмөлдөө жана жарандык коом өкүлдөрүн куугунтуктоо шайлоо өнөктүгүнө терс таасир тийгизгенин, орусиялыктарга “түрдүү саясий альтернатива” берилбегенин белгиледи.

Ошол эле маалда Илкка Канерва Москвадагы пресс-конференцияда билдиргендей, Мамлекеттик думага шайлоодо ачык айкындуулуктун деңгээли жогорураак болду, бирок негизги укуктар дагы деле чектелип жатат.

"Орусия демократияны жактаганын далилдегиси келсе, жарандарга кеңири эркиндик берүүгө, алардын коомдук турмушка көбүрөөк тартылышын камсыздоого тийиш", - деди Канерва.

Ал эми ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын делегациясы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилованын жетектөө ыкмасы шайлоону “жакшы жүргүзсө болооорун көргөздү” деп белгиледи.

Алдын ала маалыматтар боюнча бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясы төмөнкү палатадагы 450 орундун 343үн алышы мүмкүн. Башкача айтканда, конституциялык көпчүлүккө ээ болмокчу. Калган мандаттар Кремлге көз карашы түз үч партияга тийди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG