Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

"Сезим" кризистик борбору "Эрктүү Айым" сыйлыгын тапшырат


“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова.
“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова.

Сыйлык алгачкы жолу татаал тагдырга туш болуп, бирок аны жеңип чыккан 10 аялга тапшырылат. Кризистик борбордун координатору Гүлмира Үмөталиеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, сыйлык жашоодон көп кыйынчылык көрсө да, сынбай келе жаткан аялдарга берилет:

-Бул менен биз коомдогу аялдарга жашоо үчүн үмүттөрүн үзбөй, алдыга умтулууга өбөлгө болорун айткыбыз келет. Сыйлыкты жашоодон сынбай, кулчулукка кабылса да, же жакын адамы тарабынан зордук-зомбулук көрсө да өзүнүн тагдырын талкалап салбай, күч таап, жаңы жашоо баштаган, ал тургай ийгиликке жетүүгө болорун көрсөткүбүз келет.

Иш-чарага "Сезим" кризистик борборунун башкы стратегиялык донору Вернер Батлер, Кыргысзтандын бийлик өкүлдөрү катышат. Сыйлыктар “Сезим” кризистик борборунун кеңсесинде тапшырылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG