Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Түркмөнстан элчиси спорт тармагын жетектейт


Айылдык спорт.
Айылдык спорт.

Президент Гурбангулы Бердымухаммедов Спорт боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Какабай Сеидовду “башка ишке өттү” деген негиз менен жумуштан кетирди. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.

Мамлекеттик спорт комитетинин жаңы башчысы болуп буга чейин Түркмөнстандын Азербайжандагы элчиси кызматын аркалаган Тойли Комеков дайындалды.

Кызматтан кеткен Сеидов мурда эл аралык категориядагы футбол арбитри жана Улуттук спорт жана туризм институтунун деканы болгон. Түркмөнстандын спорт комитетин 2014-жылдын сентябрынан бери жетектеп келген.

Түркмөнстан курамасы Рио-де-Жанейродогу 31-жайкы Олимп оюндарында ийгиликсиз кайткан. Буга нааразы болгон Бердымухаммедов спортчуларды жемелеп, бул максатта Түркмөнстандан көп акча короткон өлкө жок экенин айткан.

XS
SM
MD
LG