Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

Бишкекте менчик укугун коргоо митинги өтөт


Бишкек шаарынын бир катар тургундары 21-сентябрда Акүй алдына митингге чыгышат. Уюштуруучулардын бири Гүлмира Ибраимова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, анда менчик укугун коргоо, "Жер пайдалануу боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун чакыртып алуу талабы коюлат:

- Ушундай эле митинг 1-сентябрда өткөн. Биз менен айрым депутаттар жолугушкан. Алар эмнеге добуш беришкенин билишпейт экен. Мыйзам долбоору эки окуудан өтүп кетиптир. Документте Кыргызстандын бардык жарандарынан турак-жайын алып коюу үчүн мыйзамдык негиз түзүлүп калат.

Бир катар шаардыктардын нааразылыгын жараткан мыйзам долбоорун "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев сунуштаган. Демилгечи Бишкекте башкы план боюнча ири комплекстер курула турган жерлерде майда-чүйдө үйлөр салынып жатканын, борбордун архитектуралык көрүнүшүн оңдоо керектигин айткан. Бишкек шаарындагы тарыхый борборду реконструкциялап, жеке менчик үйлөрдү мамлекет эсебине алуу керектигин билдирген.

Парламент эки окууда аны жактырган. Айрым укук коргоочулар документ кабыл алынып калса, бийлик мамлекеттин жана коомдун муктаждыктары үчүн жарандардын үйлөрүн мыйзамдуу түрдө алып кое алат деген пикирлерин билдиришүүдө. Демилгечилер документте үй ээлеринин укугун коргоо жолдору да көрсөтүлгөнүн маалымдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG