Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Президенттик аппарат: Атамбаевдин абалы дурус


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президенттик аппараттан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, мамлекет башчынын абалы дурус. Аппарат жетекчи Фарид Ниязов бүгүн аны менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жумуш боюнча бир нече тапшырмаларды алган. Алмазбек Атамбаевдин ооруканага жатары азырынча белгисиз. Дарыгерлер анын саламаттыгын дагы текшерип көрүп, тиешелүү чечим кабыл алынат.

Атамбаев 19-сентябрда Стамбулдан Нью-Йоркко учардын алдында өзүн жаман сезип, алгачкы медициналык жардам алган. Андан жүрөк оорунун белгилери аныкталып, Стамбулдагы ооруканалардын биринен толук текшерүүдөн өткөн, дарыгерлердин сунушу менен Нью-Йоркко сапарын токтоткон. Азыр ал Стамбулдагы отелдердин бирине токтогонун түркиялык маалымат каражаттары кабарлашты. Президенттин сайты Атамбаев бир канча убакыт дарыгерлерин кароосунда болорун жазды.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясында кыргыз делегациясын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектейт. (NT)

XS
SM
MD
LG