Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Күч органдары Текебаев жана Байсаловдун айткандары боюнча маалымат берет


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетине бүгүн саясий куугунтук тууралуу билдирүүлөр боюнча маалымат берүү үчүн Башкы прокуратура менен УКМК өкүлдөрү чакырылды. "Бир бол" фракциясынан депутат Чолпон Жакупова кечээги басма сөз жыйындарда айтылган маселелер боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап, бирок ал колдоо тапкан жок. Натыйжада укук коргоо органдарынын бул багытта маалымат алуу чечими кабыл алынды.

19-сентябрда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев атайын кымат өкүлдөрү өзүн күнү-түнү беш машине менен аңдып жүрүшкөнүн жарыялаган. Андан мурда 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын аппаратын бир айдай жетектеген коомдук ишмер Эдил Байсалов да маалымат жыйын куруп, бийлик өзүн камоону көздөп жатканын билдирген болчу.

УКМК Байсалов атайын кызмат үчүн эч кандай кызыгууну жаратпайт деп жооп кайтарган, анын сөзүн "бай, бирок оорулуу кыял" катары мүнөздөгөн. Ошол эле маалда Текебаевдин аңдуу тууралуу маалыматына комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG