Линктер

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулап жатат.

«Бир бол» фракциясынан депутат Чолпон Жакупова өзгөртүүлөргө каршылык билдирип, жыйындан чыгып кетти. Ошондой эле мыйзам долбоорунун демилгечилери да талкууну бир жумадан кийин өткөрүүнү сунуштап, бирок ал колдоо таппагандан кийин жыйынга катышуудан баш тартышкан. Отурум документтердин авторлорунун катышуусуз өтүүдө.

27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өз ара макулдашып, ал коомдук талкууга коюлган. Баш мыйзамды өзгөртүүгө оппозициялык күчтөр, жарандык коом, Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү каршы чыгып, бул аракет бийликти узурпациялоого кептей турганын айтып келишет. (NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG