Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Дүйнө лидерлери БУУнун жыйынына чогулууда


Дүйнө лидерлери Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 71-жылдык жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко чогулууда.

135 өлкөнүн башчылары жана ондогон министрлер 26-сентябрга чейин дүйнөлүк маселелерди талкуулашат. Ал маселелердин арасында Сириядагы жаңжал, исламчыл экстремисттердин чабуулдары жана качкындардын көйгөйлөрү бар.

БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун жана АКШ президенти Барак Обама 20-сентябрда акыркы жолу Башкы ассамблеяда чыгып сүйлөшөт.

Дүйнөлүк лидерлердин көпчүлүгү БУУнун качкындар жана мигранттар боюнча саммитине катышуу үчүн бир күн эрте келишти.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Башкы ассамблеянын жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко бараткан жолдо өзүн жаман сезип, Стамбулда калган. (KKs)

XS
SM
MD
LG