Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Кара-Кулжада "Тоо балы" фестивалы өтүүдө


Кара-Кулжа районундагы бал фестивалы.
Кара-Кулжа районундагы бал фестивалы.

Фестивалга Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облусунун 50дөн ашык балчылар катышууда. Жармаңке “Тоо балы” брендин эл аралык коомчулукка таанытууну жана балчыларга аары менен иштөөнүн алдыңкы технологияларын үйрөтүүнү көздөйт.

Фестивалга тушташ атайын форум чакырылып, балды өндүрүүнүн жаңы технологиялары жана аарынын жаңы породаларын көбөйтүү жолдору талкууланды. Аары сыяктуу кийинген балдар атайын оюн-зоокторду коюп беришти.

Иш-чара Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен уюштурулууда. Ага ПРООН, “АгроЛид” коомдук уюму жана “Тоо балы” кооперативи көмөк көрсөтүүдө.

Кара-Кулжа районунда 400 тоннага жакын бал өндүрүлөт. Кыргызстанда өндүрүлгөн бал былтыр Жапонияда өткөн эл аралык сынакта 1-орунду алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG