Линктер

Ирандын президенти Хасан Роухани Гаванага жасаган иш сапарында Кубанын президенти Рауль Кастро жана мамлекет башчынын улуу агасы, 90 жаштагы экс-президент Фидель Кастро менен жолукту.

Сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы боюнча расмий маалымат берилген жок.

Роухани бул иш сапардан кийин БУУнун Башкы Ассамблеясынын Нью-Йорктогу жыйынына катышат.

Тегеран АКШнын Кубага каршы эмбаргосун айыптаса, Гавана Ирандын жарандык максатты көздөгөн өзөктүк программасын колдоп келет. (KKs)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG