Линктер

Бир жылдан ашык убакыт мурда Иранда кармалган ливандык программист он жылга эркинен ажыратылып, 4,2 миллион долларлык айып пул төлөмөй болду.

Вашингтондо жашаган Низар Закка былтыр сентябрь айында ишкерчилик жана жумуш орундары боюнча Иран өкмөтү уюштурган конференцияга катышуу үчүн Тегеранга барганда камакка алынган.

Ирандын мамлекеттик медиасы Закканы АКШнын чалгын кызматына тиешеси бар деп айыптаган.

Соттолуучунун адвокаты Жасон Поблет бул өкүм Ирандын режими АКШдан жеңилдик талап кылуу үчүн дале Америка жарандарын бутага алып жатканын көрсөтөт деп билдирди.

Закка “Араб коммуникациясы жана маалымат технологиясы” аттуу уюмдун жетекчиси. Бул уюм Жакынкы Чыгышта интернетти өнүктүрүү боюнча иш алып барат. (KKs)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG