Линктер

дүйшөмбү, 24-апрель, 2017 Бишкек убактысы 09:40

Дем алышта Нью-Йоркто болгон жардырууга шектелген 28 жаштагы ооган тектүү АКШ жаранына атайылап киши өлтүрүү беренеси боюнча айып коюлуп жатканын Нью-Жерсинин прокурорлору кабарлашты.

Ахмад Хан Рахами Нью-Йорктон 30 чакырым алыстыктагы Нью-Жерсинин Линден шаарында полиция менен ок атышуудан кийин колго түшкөн. Атышуудан эки полициячы жараланды.

Нью-Йорктун Манхэттен районунун Челси конушундагы жардыруудан 29 киши жаракат алган. Ал күнү Нью-Жерси шаарында да жардыруу болгон эле. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG