Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Обама: Орусия “жоголгон даңкын” кайтаргысы келет


Барак Обама
Барак Обама

АКШнын президенти Барак Обама шейшембиде БУУнун Башкы Ассаблеясынын жыйынында чыгып сүйлөп, глобалдык интеграциянын нугун түздөөгө, экономикалык теңсиздикке жана авторитардык системага жол ачкан башкаруу моделдеринен баш тартууга чакырды.

Сегиз жыл президенттик кылгандан кийинки Башкы Ассамблеядагы акыркы кайрылуусунда Обама Орусия күч аркылуу “жоголгон даңкын” калыбына келтирүүгө аракет кылып жатканын, коңшунун ишине кийлигишүүнүн кесепети тиерин эскертти.

“Орусия коңшусунун ишине кийлигишүүнү улантса, бул өлкө ичинде популярдуу болушу мүмкүн. Улутчулдукту убактылуу азыктандырышы мүмкүн. Бирок мезгил өткөндөн кийин бул аракет Орусиянын беделине доо кетирип, чек араларды кооптуу кылып коёт”,-деди Обама.

Чыгыш Украинадагы кырдаал жана Крымдын аннексиясы боюнча бул сыяктуу айыптарды Орусия четке кагып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG