Линктер

Арменияда экинчи ири шаар - Гүмринин мэрлигине талапкерлигин көрсөткөн оппозициячыл саясатчынын уулунун жансыз денеси табылды.

Оппозициядагы “Гүлдөгөн Армения” партиясынын өкүлү Вардеван Григорияндын уулу Аршак Григорияндын башына ок тийгени белгилүү болду.

Григориян мерт болгонун анын денеси жеткирилген Гүмри медициналык борбору жарыялады.

Азырынча Аршак Григориян өз жанын кыйганы же киши колдуу болгону белгисиз.

Полиция иликтөө жүрүп жатканын айтып, башка комментарий бере элек.

Гүмри шаарынын башчысын шайлоо 2-октябрга белгиленген. (KKs)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG