Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

CNN: БУУнун гуманитардык колоннасын орус учактары бомбалаган


БУУнун гумжардам колоннасы, 20-сентябрь, 2016-жыл.
БУУнун гумжардам колоннасы, 20-сентябрь, 2016-жыл.

Телеканал АКШ президентинин администрациясына таянып билдиргендей, бул Америкалык эксперттердин алдын ала чыгарган корутундусу. Ага ылайык, Алеппого БУУнун жана Кызыл чырым коомунун гуманитардык жардамын алып бараткан колоннаны орусиялык учактар бомбалашкан. Натыйжада 18 киши набыт болуп, жыйырмадан ашуун жүк ташуучу унаалар жок кылынган.

Мурдараак президент Обаманын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Бен Родс жардыруу орусиялык же сириялык аскер күчтөрүнүн колунан жасалды деп билдирген эле.

-Биз бул бомбалоого жоопкерчиликти гуманитардык жардам бараткан учурда абадан жасалган чабуулду токтотуу милдетин алган орус өкмөтүнө коебуз.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун гумжардам колоннасына жасалган чабуулду “алдын ала жасалган жапайы жорук” деп атады.

Орусиянын коргоо министрлиги бул айыптоону четке какты. Алар гумжардамга чабуул согушкерлер тарабынан жасалышы ыктымалдыгын айтышат.

АКШнын спутник радарларынын маалыматы боюнча, чабуул жасалган кезде аймакта орусиялык учактар гана болгон.

XS
SM
MD
LG