Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Улгайган адамдардын укугуна арналган тегерек үстөл болот


Иш-чараны улгайган адамдардын укугун коргоочу “Сезим” кризистик борбору уюштурууда. Талкууга бийлик өкүлдөрү, коомдук уюмдар, социалдык кызматкерлер жана журналисттер катышат. Уюштуруучулардын бири Гүлмира Үмөталиеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, акыркы убактарда улгайган адамдардын укугу бузулган учурлар арбын катталууда:

-Коомчулукта карылык бул бакыт деген түшүнүктү калыптандыруу зарыл. Анткени, улгайган адамдардын бай турмуштук тажрыйбасы, билими жана алардын бош убактылары текке кетип, толук деңгээлде колдонулбай келет.

“Сезим” кризистик борбору быйыл улгайган адамдар менен иш алып баруу боюнча мамлекеттин социалдык тапшырмасын утуп алган. Ага ылайык, кризистик борбор кемсинтүүгө дуушар болгон улгайган аялдарга психологиялык жана укуктук жардам көрсөтүп келе жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG