Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Тажикстанда ЕККУ жыйынында нааразылыкка чыккандардын туугандары камалды


Адвокат Бузургмехр Йоров (солдо) Тажикстандын социал-демократиялык партиясынын жетекчиси Рахматулло Заиров менен.
Адвокат Бузургмехр Йоров (солдо) Тажикстандын социал-демократиялык партиясынын жетекчиси Рахматулло Заиров менен.

Эл аралык Human Rights Watch уюмунун Борбордук Азия боюнча изилдөөчүсү Стив Свердловдун билдиришинче, Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясынын Варшавада өткөн ЕККУ жыйынындагы «үнсүз нааразылык акциясына» катышкан тажикстандыктардын туугандары камакка алынды.

Варшавадагы жыйынга Тажикстан өкмөтү менен жарандык коом өкүлдөрү катышкан. Жыйындар залына ЕККУ имаратынын алдындагы нааразылык акциясына катышкан 20га чукул адам кирип барган. Алар Бузургмехр Ёров өңдүү камалгандар менен Ислам кайра жаралуу партиясынын башчыларынын сүрөттөрү түшүрүлгөн футболкаларды кийишкен.

Свердлов окуядан кийин камактагылардын айрым туугандары нааразылык акцияларга катышпоо тууралуу атайын кызмат өкүлдөрүнөн эскертүү алышканын айтты. Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиндеги булак ал камакка алуулар аймактарда болгонун жана «комитетке түздөн-түз тиешеси жок экенин» билдирди.

XS
SM
MD
LG