Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Барак Обама БУУнун Башкы ассамблеясында соңку кайрылуусун жасады


АКШ президенти Барак Обама.
АКШ президенти Барак Обама.

АКШ президенти эл аралык коомчулук өкүлдөрүнө кайрылып, азыркы дүйнө тарыхый чакырыктарды жеңүүгө болуп көрбөгөндөй жөндөмдүү экенин белгиледи.

Обама өз сөзүндө авторитаризмге караганда демократияга карай ташталган кадам жакшы экенин билдирди. Анын айтуусунда, көз карандысыз маалымат каражаттары бийликти көзөмөлдөп, анын кыянат кылуусуна жол бербеши керек.

"Мен Американын мисалы уникалдуу деп ойлобойм", – деди Обама. Ал калкы өз сөзүнө өзү ээ эки өлкөнү мисал келтирди. Президент мурдагы советтик блоктогу Европа өлкөлөрү азыркыдай деңгээлге демократияны өнүктүрүүдөгү аракеттеринин аркасы менен жетишкенин айтты.

Президент Орусияны Украинанын ишине кийгишип жаткандыгы үчүн, Түндүк Кореяны өзөктүк курал тармагында эл аралык коомчулукка чакырык таштагандыгы үчүн сынга алды.

XS
SM
MD
LG