Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

Президенттин Кыргызстанга качан кайтары белгисиз


Атамбаевдин саламаттыгына түрк дарыгерлери көзөмөлдүк кылууда.
Атамбаевдин саламаттыгына түрк дарыгерлери көзөмөлдүк кылууда.

Президент Алмазбек Атамбаев азыр Түркияда. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатканын Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтуусунда, президенттин саламаттыгы боюнча диагноз коюла элек. Дарыгерлер анализдердин жыйынтыгын күтүп жатышат. Атамбаев көкүрөк тарабында ачышкан оору басылбай жатканын айткандыктан, "Тез жардам" кызматы ар дайым күзөттө турууда.

Жунусов Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстанга качан кайтары азырынча беймаалым экенин кошумчалады. Анткени,түрк дарыгерлери ага учакка түшүүгө тыюу салган. Элчи коопсуздукка байланыштуу деген жүйө менен президент Түркиянын кайсыл шаарында экенин айткан жок. Ошол эле маалда түркиялык маалымат булактары Атамбаев Измирдеги отелдердин бирине токтогонун жазып чыгышты.

Мамлекет башчы 19-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына бараткан жолдо саламаттыгы начарлап, Стамбулда дарыгерлерге кайрылган, Нью-Йоркко иш сапарын токтоткон. 20-сентябрдан 1-октябрга чейин кыска эмгек өргүүсүн алган. (NT/ElB)

XS
SM
MD
LG