Линктер

Байден Украинанын энергетика секторун реформалоого чакырды


Жо Байден менен Петро Порошенко

Жо Байден менен Петро Порошенко

АКШнын вице-президенти Жо Байден Украина мамлекет башчысы Петро Порошенко менен жолугушууда энергетика тармагын реформалоону ыкчамдатуу керектигин белгиледи. Ак үй 21-сентябрда жасаган билдирүүдө Байден ошондой эле коррупция иштерине байланыштуу көлөкө түшкөн Украинанын сот жана прокуратура системаларын тазалоонун маанисине көңүл бурду деп айтылат. Эки саясатчы Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында кездешти.

Ал эми Киев ал сүйлөшүүлөр боюнча расмий комментарий жасай элек.

Байден ошондой эле АКШ администрациясы Украинага дагы 1 миллиард доллар кепилденген кредит берүүгө даяр деди. Вице-президент Вашингтон администрациясында Украина менен мамилелерге жооптуу адам жана Донбасста орусиячыл жикчилер менен күрөшүп келаткан Киевди колдоочулардын бири болуп эсептелет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG