Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Оксфам гуманитардык уюму Йемендеги гуманитардык абалга кабатыр


Йемен
Йемен

Оксфам эл аралык гуманитардык уюму бир жарым жылдан бери согуш уланып келе жаткан Йемендеги кырдаал катастрофалык деңгээлге жакындаганын эскертти. "Калктын жарымы ачкачылыктан жапа чегүүдө, айрым жерлерге азык-түлүктү жеткирүүгө атайын тоскоолдуктар түзүлүүдө", - деп белгилейт британиялык соопчулук уюму 21-сентябрда жарык көргөн докладында.

Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, 2015-жылдын мартында Сауд Арабия баштаган коалиция хусит козголоңчуларына каршы сокку уруп, эл аралык коомчулук тааныган Йемендин легитимдүү өкмөтүн калыбына келтирүү өнөктүгүн баштагандан бери 10 миңден көп карапайым киши окко учту же жарадар болду.

Оксфам жер которууга аргасыз болгон бир миңден ашык кишини сурамжылап, басымдуу көпчүлүгү бомбалоолордон качышканын, калгандары үй-жайлары талкаланганын айтышкан. Бир тобу 10 ай же андан узак убакыттан бери башка жерлерде баш калкалап жүрүшөт. Көбү жакындарынан ажыраган, кароосуз калган балдардын саны да кескин көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG