Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Таласта быйыл социалдык мекемелердин көбү көмүр менен жылытылат


Көмүркана.
Көмүркана.

Облуста кышкыга 55 миң тоннадай көмүр, 1500 тонна мазут алынышы керек. Бул тууралуу өкмөттүн Таластагы өкүлү Дайыр Кенекеев билдирди. Бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыз кылуу үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттен 10 миллион сом акча бөлүнгөн. Учурда облус боюнча 63 пунктка көмүр ташылууда.

Аймакта 112 мектептин 31и, 52 бала бакчанын 17си көмүр менен жылытылат. Андан тышкары, бейтапкана, эмканалар, чек арачылардын, ички иштер башкармалыгы, кесиптик лицей, өзгөчө кырдаалдар, маданият бөлүмдөрүнүн айрым имараттары көмүргө өткөн. (SS)

XS
SM
MD
LG