Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Сирияда медициналык борбор соккуга учурады


Сирия
Сирия

Догдурлардын эл аралык гуманитардык уюму Сириядагы медициналык борборуна сокку урулуп, кеминде төрт кызматкери набыт кеткенин билдирди. Парижде жайгашкан уюмдун өкүлдөрү бомбалоо 20-сентябрда козголоңчулардын карамагындагы Хан Туман шаарында болгонун маалымдашты. Сириядагы адам укуктарынын абалына байкоо салып келе жаткан уюм кеминде 13 киши, анын ичинде 4 медайым жана фельдшерлер, 9 козголоңчу согушкер каза тапканын айтууда.

Андан бир күн мурун Алеппонун айланасындагы аймактарга гуманитардык жардам жеткирип бараткан кербен чабуулга туш болуп, бери дегенде 20 карапайым кишинин өмүрү кыйылган. АКШ ал үчүн Орусияны айыптаса, Москва анын же Сириянын учактары ал бомбалоого катышкан эмес деп танып келатат.

XS
SM
MD
LG