Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:51

Ирак парламенти финансы министрин кызматтан кетиртти


Хошияр Зебари
Хошияр Зебари

Ирак депутаттары финансы министри Хошияр Зебарини кызматтан алууну колдоп добуш беришти. Зебари өткөн аптада коррупция жана каражатты максатсыз пайдалануу айыптарына байланыштуу суракка алынган эле. Министр бул айыптарды четке кагууда. Өткөн айда болсо парламент коргоо мекемесинин башчысын кызматтан кетирүүнү жактырган. Буга чейин Ирактын тышкы иштер министри болуп төрт жыл иштеп келген күрт улутундагы Зебари финансы министрлигин жетектөөгө 2014-жылы дайындалган. Жакында ал Эл аралык Валюта фонду менен кредит маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Мунай баасынын дүйнөлүк рыноктогу арзандашы Ирак экономикасына чоң залкасын тийгизген. Андан тышкары “Ислам мамлекети “радикал уюмуна каршы согушка да ири каражат сарпталууда.

XS
SM
MD
LG