Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:20

Башкы ассамблеяда Порошенко Орусияны кескин сындады


Порошенко менен Обаманын жолугушуусу.
Порошенко менен Обаманын жолугушуусу.

Украин президенти Петро Порошенко Орусияны Украинанын чыгышындагы чатактын “негизги катышуучусу жана чагымчысы” деп айыптады. Ал Москва украин жарандарына каршы жасалып жаткан “кылмышты каржылайт жана уюштурат” деп белгиледи. 2014-жылдан бери уланып келаткан каршылашууда он миңге жакын киши набыт болгон.

Порошенко ошондой эле БУУ Коопсуздук Кеңешинин Сириядагы согушту токтотуу аракети жана Орусиянын Крымды басып, Украинага куралдуу агрессиясына мамилеси натыйжасыз болуп жатканын айтып, кеңештеги чектөөлөр анын ишине жолтоо болуп жатат деп бекемдеди.

Кийинчерээк Порошенко АКШ президенти Барак Обама менен жолукту. Украин президентинин маалымдашынча, жолугушууда Минск келишимдерин ишке ашыруу жана Киевге берилүүчү каржылык жардам тууралуу сөз болгон.

XS
SM
MD
LG