Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Түркмөн президенти Көчмөндөр оюндарында байге уткан спортчуларды сыйлады


Түркмөн чабандестери Дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарында.
Түркмөн чабандестери Дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарында.

II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда байге уткан оюнчуларына жана «Галкыныш» чабандестер тобуна Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттигине шилтеме кылып “Түркмөнстан: Алтын доор” электрондук гезити жазып чыкты.

3-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда түркмөн балбандары күрөштүн төрт түрүнөн - алыш, казак, кыргыз жана түркмөндөрдүн күрөшүнөн 15 алтын, эки күмүш, алты коло байге утуп алышкан. Ошондой эле улуттук ат оюндарын даңазалаган “Галкыныш” чабандестер тобу өнөрлөрүн ийгиликтүү тартуулаган.

Бердымухамедов “Галкыныш” тобунун жетекчисине 30 миң доллар өлчөмүндө акчалай сыйлык берип, байге ээлери болгон спортчуларга «Toyota Corolla», «Toyota Yaris» жана «Kia Cerato» үлгүсүндөгү унаалардын ачкычтарын тапшырган.

II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна 62 өлкө катышкан. Командалык эсепте Түркмөнстан спортчулары 2-орунду алышкан.(ECh)

XS
SM
MD
LG