Линктер

Чотурова менен Исабаеванын чыгармачылык кечеси өтөт


Бактыгүл Чотурова менен Жыпаркүл Исабаева

Бактыгүл Чотурова менен Жыпаркүл Исабаева

Кыргызстанга кеңири таанымал акындар Бактыгүл Чотурова менен Жыпаркүл Исабаеванын биргелешкен чыгармачылык кечеси 29-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Анда акындардын чыгармалары окулуп, алардын сөзүнө жазылган обондуу ырлар аткарылат. Иш-чара "Ырга айланган айымдар" деп аталат.

Аны «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фонду Кыргызстан Жазуучулар cоюзу жана Улуттук филармония менен биргеликте уюштурган. Быйылкы Тарых жана маданият жылына карата чыгармачыл инсандардын маданий иш-чаралары буга чейин да өтүп келген. Белгилүү акындар Бактыгүл Чотурова менен Жыпаркүл Исабаеванын көптөгөн ырларына обондор жазылып, эл ичине кеӊири тарап ырдалып жүрөт. (NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG