Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Батыров менен байланышы барлар суракка чакырылат


Батыровдун мүлктөрү.
Батыровдун мүлктөрү.

Кадыржан Батыровго козголгон кылмыш иш боюнча аны менен байланышта болгон адамдар суракка чакырылат. Мындай маалыматты ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү Руслан Казакбаев Батыров менен бирге болгон кыргыз жарандарына карата укук коргоо органдары кандай иш алып бара турганына кызыкты. Абдыкаровдун айтуусунда, бул адамдарга кылмыш иши козголбойт, бирок алар тергөөдө көрсөтмө беришет.

Июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров 22-cентябрда ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылыгын, улуттук азчылык өкүлдөрү кысымга алынып жатканын билдирген, кыргыз бийлигин сындап, ЕККУну өлкөгө жардам бербөөгө чакырган. Отурумдан тартылып алынган видеодо Батыровдун жанында кыргызстандык укук коргоочу, “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова отуруп, анын айткандарына баш ийкеп жатканы көрсөтүлгөн. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кылмышкер Батыровдун айткандарын четке кагып, анын ЕККУ жыйынына катышканына нааразылык билдирген болчу.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бүгүн түштө бул маселе боюнча кезексиз жыйынга чогулду. Андан кийин аны жалпы жыйындын кароосуна алып чыгат.

Өткөн аптада "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттин дарегине бир катар айыптоолор менен чыккандан кийин Алмазбек Атамбаев Батыровдун чет өлкөгө качуусун жана буга Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн тиешеси бар-жогун аныктоону Башкы прокуратурага тапшырган.

Өз кезегинде Текебаев президент 2010-жылы Кадыржан Батыровдун сунушу менен Жалал-Абад облусундагы бир катар кадр маселелерин чечип келгенин жарыялаган. (NT)​

XS
SM
MD
LG