Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Рим олимпиададан баш тартты


Римдин мэри Виржиния Раджи
Римдин мэри Виржиния Раджи

Рим шаары 2024-жылы өтө турган жайкы олимпиаданы кабыл алуу үчүн сынакка катышуудан баш тартты. Шаардын мэри Виржиния Раджи расмий билдирүү жасап, римдиктер 1960-жылкы олимпиада боюнча карыздарынан али күнчө кутула албай жүргөнүн айтты.

​- Биз спортко да, олимп оюндарына да каршы эмеспиз. Бирок талапкерлигибизди көрсөтүп, "ооба" деп айтуу - бул жоопкерчиликсиздик, - деди ал атайын пресс-конференцияда.

Раджи мэр болуп быйыл июнь айында шайланган.

Баш тартуу тууралуу чечимин Римдин жетекчилиги Улуттук олимпиада комитети менен талкуулашы керек болчу. Бирок андай жолугушуу өткөрүлгөн жок.

Римден тышкары 2024-жылкы жайкы олимпиадага талапкер деп Франциянын борбору Париж, Венгриянын баш калаасы Будапешт жана АКШнын Лос-Анжелеси аталган.

Алардын кимиси тандалат, келерки жылдын сентябрь айында белгилүү болот.

Жайкы олимпиада ар төрт жыл сайын өтүп турат. Быйыл оюндар Бразилияда болду. Ал эми кийинкиси Токиодо 2020-жылы өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG